Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:35

Бишкекте хоккей боюнча чемпионат башталды

3-мартта Бишкектеги "Бишкек Арена" спорт комплексинде хоккей боюнча IV дивизиондогу I Дүйнө чемпионаты башталды. Ага Кувейт, Малайзия, Кыргызстан, Иран жана Сингапурдун командалары катышууда. Оюндар 8-мартка чейин уланат. Мелдеш жыйынтыгында көч башын жетектеген команда III дивизиондо ойноого жолдомо алат. 

Чемпионаттын салтанаттуу ачылыш аземине Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Эл аралык хоккей федерациясынын президенти Люк Тардиф, Эл аралык хоккей федерациясынын биринчи вице-президенти Петр Бржиза, Германиянын хоккей федерациясынын президенти Франц Рейндл жана Эл аралык хоккей федерациясынын Азия жана Океания боюнча вице-президенти Айваз Оморканов баш болгон бир катар ардактуу коноктор катышты.


16x9 Image

Гүлжан Турдубаева

“Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG