Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:30

Украина: элчилик 36 жаранды Венгрияга эвакуациялады


Украинадагы 36 кыргызстандык Венгрияга бара жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, бул жолу Киев шаарынан 43, Львов шаарынан 25 кыргызстандык эвакуациялоого каалоосун билдирген. Арасында Европанын башка өлкөсүнө кетүүнү каалагандар болгондуктан, элчилик уюштурган автобуска 36 адам түшкөн.

Кадыркулов кыргызстандыктар элчиликтин кызматкерлеринин коштоосу менен баратышканын кошумчалады.

Буга чейин Украинадагы кыргыз элчилигинин көмөгү менен жалпы 209 жаран өлкөдөн чыккан. Бирок бул сан кыйла жогору болушу ыктымал. Себеби айрымдар өз алдынча Молдова жана башка мамлекеттерге чыгып кетүүгө үлгүргөн.

Кыргызстандыктар Украинанын батышындагы Польша, Румыния, Словакия жана Венгрия аркылуу эвакуация болуп жатат. Бул өлкөдөн чыгарылган кыргызстандыктардын алгачкы бөлүгү 5-6-мартта Бишкекке учуп келет.

Орусия 24-февралда Украинага басып кирген. Бир аптадан бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Андан бери ондогон жайкын тургундардын жана жүздөгөн аскерлердин өмүрү кыйылганы маалым болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG