Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:40

COVID-19: Түркияда чектөөлөр алынды


Анкара шаары.
Анкара шаары.

Түркияда коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөр алынды. Бул тууралуу 2-мартта Түркиянын саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа билдирди.

Министр тыкыр көзөмөлгө алынган беткап эрежеси алынганын, коомдук ачык жайларда беткапсыз жүрүүгө уруксат берилгенин кабарлады. Бирок жабык имараттарда жана транспорттордо беткап эрежеси сакталат.

Фахреттин Кожа коронавирустун белгилери байкалбаган бейтаптардан ПЧР-тест талап кылынбай турганын кошумчалады. Ошондой эле, чектөөлөрдүн алынышы өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны кескин азайганы жана вакцинация жараяны өз калыбында жүрүп жатканы себеп болгонун айтты.

Мындан туура бир ай мурун Түркияда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны бир күндө 102 601 кишиге жетип, бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч болгону аныкталган.

Учурда Түркияда Sinovac, Pfizer/BioNTech жана жергиликтүү Turkovac вакциналары сайылууда. Вакцинаны жергиликтүү тургундар жана өлкөдө туруктуу жашаган чет өлкөлүктөр акысыз алып жатат.

15-январдан баштап Түркияга чет өлкөдөн турист катары келген жарандар да акы төлөп вакцина сайдырууга уруксат берилген. Эки доза вакцинанын акысы 30 доллардын тегерегинде экени кабарланган.

3-мартка карата 83 миллион калкы бар Түркияда элдин 85,2% вакцинанын эки дозасын алган.

Түркияда коронавирус жугузуп алгандар биринчи 2020-жылы 11-мартта катталган. Расмий маалыматтарга караганда, 3-мартка карата Түркияда вирустан 91 910 киши каза болду. Вирусту жугузуп алгандар 13 миллиондон ашты. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG