Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Казак президенти Токаев украин лидери Зеленский менен сүйлөштү


Казак президенти Касым-Жомарт Токаев.
Казак президенти Касым-Жомарт Токаев.

2-марттын кечинде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Украинанын лидери Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү. Акордонун расмий сайты кабарлагандай, бул сүйлөшүү украин тараптын демилгеси менен ишке ашты.

“Тараптар Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча пикир алмашышты. Касым-Жомарт Токаев сүйлөшүүлөрдө Украинадагы аскердик иш-аракеттерди токтотуу жана мындан ары болтурбоо багытында макулдашууларга жетишүү маанилүү экенин айтты”, - деп айтылат билдирүүдө.

Зеленский Токаев менен сүйлөшүүсүндө региондогу оор кырдаал талкууланганын, тараптар гуманитардык маселелерде кызматташууну макулдашканын Твиттерге жазды.

Казак президенти Токаев Орусия Украинага кол салгандан бери Зеленский менен телефондон сүйлөшкөн биринчи борбор азиялык президент болуп калды.

Бир күн мурда Токаев Украинадагы кырдаалга байланыштуу Твиттерге билдирүүсүн жарыялап, тараптарды диалогго чакырган. Ага чейин Улуу Британиянын парламентинде “Путиндин саясатын колдойт” деген жүйө менен Казакстанга санкция салуу ыктымалдыгы тууралуу маселе көтөрүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG