Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:03

Өмүрзаков: Украинадагы кырдаалдан улам даниялык өнөктөштөр келишимди үздү


Атай Өмүрзаков.
Атай Өмүрзаков.

Бийчи Атай Өмүрзаков даниялык өнөктөштөрү Кыргызстан Украинадагы кырдаалда Орусияны колдойт деп буга чейин түзүлгөн келишимди үзгөнүн билдирди.

Өмүрзаков Даниянын циркинде өтө турган иш-чарага түзүлгөн келишим токтотулганын "Азаттыкка" билдирди. Мурдараак "Фейсбукка" минтип жазган эле:

"Бүгүн Даниядан телефон чалышып, биздин келишим үзүлгөнүн билдиришти. Биз пандемиядан улам эки жыл иштеген эмеспиз, эми бир канча жылга тыюу салды. Эми жумуш издейин, артисттик кесип мен жана окуучуларым үчүн бүттү. "Силердин өлкө агрессорду колдоду. Биз силер менен кызматташа албайбыз" деп түшүндүрүштү. Мындай макам үчүн рахмат!".

Украина 1-мартта Кыргызстан менен Грузиянын соңку кырдаал боюнча позицияларына байланыштуу Бишкектеги жана Тбилисидеги элчилерин кеңешүүгө чакыртып алган.

Грузиянын бийлиги Орусияга каршы Батыш салган санкцияларды колдобой турганын билдирген.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөн. Кыргыз президентинин сайты президенттер жөн гана соңку кырдаалды талкуулаганын кабарласа, орусиялык басылмалар Жапаров Путиндин Украинага каршы аракеттерин кубаттаганын жазышкан.

Орусия 24-февралда Украинага басып кирди. Андан бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Эң катаал чабуулдар Киевге жасалууда.

1-мартта орус аскерлеринин чабуулунун экинчи толкуну башталды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG