Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Мамлекеттик телеканалдарды менчикке өткөрүү маселеси көтөрүлдү


КТРКнын студияларынын бири.
КТРКнын студияларынын бири.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары мамлекеттик телеканалдарды менчикке өткөрүү маселеси көтөрүштү. Мындай сунуш 2-мартта Коомдук телерадиоберүү корпорациясын (КТРК) “улуттук” кылып өзгөртүү маселеси каралып жатканда айтылды.

Дастан Бекешев, Нурлан Шакиев жана башка депутаттар каналдарды менчикке өткөрүү менен бюджеттин каражаты үнөмдөлүп, контенттин сапаты жогорулай турганын белгилешти.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар иштери министри Азамат Жаманкулов каналдарды айрымдарын менчикке берүүгө каршылык жоктугун, бирок КТРК менен ЭлТР мамлекеттик бойдон калышы керектигин билдирди. Министр мамлекеттик бардык телерадиолорду жана басылмаларды бир холдинг аркылуу башкаруу долбоору талкууланып жатканын белгиледи.

Учурда төрт мамлекеттик телерадиоканал бар - КТРК, ЭлТР, "Пирамида", "Бешинчи канал". Аларда жүздөгөн адам эмгектенет. Бир эле КТРКнын жылдык бюджети 400 миллион сомго жакын.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG