Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:44

Кыргызстан менен Түркиянын коргоо министрлери жол картасына кол койду


Кыргызстан менен Түркиянын коргоо министрлери 1-мартта аскердик-техникалык кызматташуу жаатында жол картасына кол коюшту. Бул тууралуу Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов менен Түркиянын коргоо министри Хулуси Акардын маалымат жыйынында белгилүү болду.

"Делегация эки өлкөнүн президенттери койгон тапшырмаларды чечүү үчүн келген. Ошол планга ылайык беш жылдык стратегиялык жол картасына кол койдук. Түркиянын министри менен эл аралык аскердик саясат жөнүндө дагы терең сүйлөшүүлөр болду", - деди Бекболотов.

Түркиянын коргоо министри Кыргызстандын коопсуздугу Түркия жана регион үчүн маанилүү экенин белгилеп, жол картасында коргонуу жана коопсуздук багытында конкреттүү багыттар аныкталганын билдирген.

Түркиянын коргоо министри Түркия террордук уюм деп тааныган ФЕТО ("Фетхуллахчы террордук уюм") тууралуу маселе көтөргөн.

Былтыр декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматына "Байрактар" учкучсуз учуучу аппараттары тапшырылган. "Байрактарды" кыргыз өкмөтү сатып алган.

Ушул жылы февралда Түркия Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө байланыш каражаттарын, автоунаа техникаларын жана башка жабдууларды берди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG