Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:18

Грузияда Украинаны колдогон акцияда өкмөттүн отставкасын талап кылышты


Тбилисиде Украинага тилектештик билдиргендер, 1-март 2022-жыл.
Тбилисиде Украинага тилектештик билдиргендер, 1-март 2022-жыл.

1-мартта Грузиянын баш калаасы Тбилисиде жүздөгөн адамдар Украинага тилектештик билдиришти. Парламенттин имаратынын алдында алтынчы күн катары менен өтүп жаткан акциянын катышуучулары грузин бийлигине бир нече саясий талаптарды коюшту.

Алар грузин өкмөтү Орусиянын аскердик чабуулуна туш болгон Украинаны жетиштүү деңгээлде колдой албаганын айтышып, Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвилинин кызматтан кетишин талап кылышты. Ошондой эле Тбилиси расмий Киевди активдүү колдоп, Брюсселге Европа Биримдигине мүчө болуу тууралуу расмий өтүнүч жөнөтүшү керек экенин белгилешти. Шейшембидеги акцияга Грузиядагы айрым оппозициячыл саясатчылар да катышты.

Бир катар демонстранттар Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Тбилисидеги украин элчисин кеңешүүгө чакыртып алышына түрткү берген жагдайларга уялып турганын айтышты.

1-мартта Зеленский Кыргызстан менен Грузиянын Украинадагы соңку кырдаал боюнча позицияларына байланыштуу Бишкектеги жана Тбилисидеги украин элчилерин кеңешүүгө чакыртып алганын жарыялаган. Ал Кыргызстан Орусиянын Украинага карата “агрессиясын актаганын”, Грузия Украинага жардам берүүнү көздөгөн ыктыярчыларга тоскоолдук жаратканын айткан.

Орусия 24-февралда Украинага кол салгандан кийин грузин премьер-министри Ираклий Гарибашвили Тбилиси Батыштын Москвага каршы санкцияларына кошулбай турганын билдирген. 28-февралда анын өкмөтү грузин ыктыярчыларын Киевге алып кетүү үчүн келген украиналык учакты Тбилиси аэропортуна кондурбай койгону кабарланган.

Өткөн аптада Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөн. Кыргыз президентинин сайты президенттер жөн гана соңку кырдаалды талкуулаганын кабарласа, орусиялык басылмалар Жапаров Путиндин Украинага каршы аракеттерин кубаттаганын жазышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG