Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:44

Жазуучу Насыпбек Асанбаевдин "Дудук" аттуу чыгармалар жыйнагы чыкты


Кыргызстандык жазуучу Насыпбек Асанбаевдин «Дудук» аттуу чыгармалар жыйнагы жарык көрдү. «Оку» басма үйүнөн миң тираж менен басылган китепте коомдогу көйгөйлөр чагылдырылган аңгеме-повесттер кирген.

Чыгармада эл турмушу, маанилүү жагдайларга көңүл бурулбай көз жаздымда калып жатканы, каада-салт, миграцияда жүрүп кыйналган энелер жана алардын мекенинде жакындарынын колунда калган балдарынын тагдыры козголгон. Ошондой эле Урал баатыр дастанынан кара сөз түрүндө үзүндү камтылган.

Автордун маалыматына караганда, 370 беттен турган китеп Bookhouse дүкөндөрүндө сатыкка чыгат.

«Көркөм адабиятка көп көңүл бурулбай калды. Азыр элге насаат айткан, бат эле байып кет, бат эле миллион тап деген ат менен элдин чөнтөгүн кагып, өзү байып кете албай жаткан китептер көбөйдү. Жан дүйнөнү азыктандырууда көркөм адабияттын орду эбегейсиз экенин билсек», - деди ал.

Насыпбек Асанбаев 39 жашта. Кыргызстан Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү. Ал кыргыз тилинде чыгармаларды, балдар үчүн аңгемелерди жазып, китеп которуу менен алектенет. Буга чейин анын чакан китептери, балдарга арналган чыгармалары жарык көргөн. 2017-жылы Жорж Оруэллдин Animal Farm чыгармасын кыргызчага которуп, ал былтыр «Айбан чарба» деген аталышта басмадан чыккан.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстанда ар бир 1000 адамга 288 китеп туура келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG