Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:38

Коммунисттерге тилектеш Болгариянын коргоо министри отставкага кетти


Стефан Янев.
Стефан Янев.

Болгариянын өкмөтүнүн кезексиз жыйынында Министрлер кеңеши коргоо министри Стефан Яневди отставкага кетирди. Бул премьер-министр Крил Петковдун сунушу менен ишке ашты.

Болгария өкмөтү муну менен катар НАТО аскерлерин өлкө аймагына жайгаштырууга добуш берди.

Отставкага кеткен коргоо министри Янев бул өлкөдөгү коммунисттердин мураскери болгон Болгария социалисттик партиясына тилектештиги менен белгилүү. Ал Болгарияга НАТО аскерлерин жайгаштырууга каршы чыккан.

Янев кийин орусиялык аскерлердин Украинага бастырып киришин Путин өзү бул терминден качып жаткандыктан, "согуш" деп атабоого чакырган.

24-февралда Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери Украинага кирген. Беш күндөн бери өлкөнүн бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда.

Украиналык маалымат каражаттары Орусиянын кол салуусунан 350дөн ашуун жай тургун, алардын ичинде балдар каза тапканын билдиришти. Москва жөн-жай тургундар жашаган аймактарга сокку урганын моюнга ала элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG