Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:03

Украин делегациясы сүйлөшүү үчүн Беларус чек арасына барды


Беларустун аймагындагы орус-украин делегацияларынын сүйлөшүүсү өтө турган жер.
Беларустун аймагындагы орус-украин делегацияларынын сүйлөшүүсү өтө турган жер.

Орусиянын өкүлдөрү менен сүйлөшүү үчүн Киев жөнөткөн расмий делегация Украина менен Беларустун чек арасына барды. Бул тууралуу Украинанын президентинин кеңсесинин басма сөз кызматы кабарлады.

Делегациянын курамында Украинанын парламентинин депутаты, крымдык Рустем Умеров, “Эл кызматчысы” фракциясынын төрагасы Давид Арахамия, коргоо министри Алексей Резников, украин президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк, тышкы иштер министринин орун басары Николай Точицкий жана башкалар бар.

Сүйлөшүүдө негизинен ок атышууну дароо токтотуу жана орус аскерлеринин Украинанын аймагынан чыгарып кетүү маселеси каралмакчы.

Тараптар Орусия Украинага кол салгандан бери сүйлөшүүгө бара албай жатышат. Украин президенти Владимир Зеленский сүйлөшүү тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путинге бир нече жолу сунуш айткан. Москва макул болгондон кийин тараптар жолугушуу өтчү жер боюнча мунаса таппай келишти. Соңунда Киев орус тарап алардын багынып беришкенин талап кылышканын, мындай шартта сүйлөшүү мүмкүн эместигин айтып, кездешүүдөн баш тарткан. Бул арада атышуулар уланды.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Беш күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң чоң чабуулдар Киевде жасалды.

Украиналык маалымат каражаттары Орусиянын аскердик кол салуусунан 352 украиналык жайкын тургун каза болгонун, алардын үчөө жаш балдар экенин жазды. Окуянын алгачкы күнү Киев 137 аскери курман болгонун маалымдаган, кийинкилери азырынча белгисиз.

Орусия өлгөн же жараат алган аскерлери бар экенин моюнуна алганы менен алардын санын айта элек. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG