Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:22

Евробиримдик Украинага курал-жабдык сатып берет


Еврокомиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен.
Еврокомиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен.

Евробиримдик өз тарыхында биринчи жолу буга чейин болуп көрбөгөндөй кадамга барып, Украинага курал-жабдык сатып берүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу 27-февралда шаркетке мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйынынан кийин белгилүү болду.

Бул деген Украинанын куралдуу күчтөрүнө миллиондогон еврого абадан коргонуу, танктарга каршы системаларды жана башка аскердик техниканы сатып берүү дегенди билдирет. Ошондой эле бул планга коргонуучу, медициналык каражаттар, күйүүчү-майлоочу майларды жеткирүү дагы кирет.

"Евробиримдик тарыхында биринчи жолу кол салууга кабылган мамлекетке курал-жабдык сатып берет",-деди Еврокомиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен.

Ошондой эле жыйында Евробиримдиктин аба мейкиндигин толугу менен орусиялык учактар үчүн жабуу жана шаркеттин аймагында Кремль көзөмөлдөгөн RT (Russia Today) жана "Спутник" медиаларынын ишмердүүлүгүн токтотуу, Беларуска санкция салуу чечимдери да кабыл алынды.

Буга чейин Евробиримдикке мүчө бир катар мамлекеттер, Британия жана Канада орусиялык учактарга өз аба мейкиндигин жабарын билдиришкен.

Урсула фон дер Ляйендин айтымында, эми шаркеттин аба мейкиндиги аркылуу бир эле өкмөттүк эмес, жеке орусиялык учактар да өтө албай калат.

Ал эми Беларуска салына турган санкциялар тамеки, жыгач иштетүү, металлургия жана цемент өндүрүү тармактарына сокку урушу мүмкүн.

Буга чейин 26-февралда Евробиримдик, АКШ, Канада, Британия айрым орусиялык банктарды дүйнөлүк акча которууда колдонулган SWIFT системасынан чыгаруу чечимин кабыл алышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG