Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:51

Беларус: референдумдун жүрүшүндө 100дөн ашуун адам кармалды


Минскидеги добушкананын алдында нааразылык билдирген жарандар, 27-февраль 2022-жыл.
Минскидеги добушкананын алдында нааразылык билдирген жарандар, 27-февраль 2022-жыл.

Беларуста Александр Лукашенконун бийлигин бекемдөөгө жол ача турган конституциялык өзгөртүүлөр боюнча референдумдун жүрүшүндө 100дөн ашуун адам кармалды. Бул тууралуу жекшемби күнү "Вясна" укук коргоо уюму билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалгандардын көпчүлүгү Украинага тилектештик билдиргендер. Милиция тынч акциялардын катышуучуларын кармап кеткен учурлар Минск, Гродно, Витебск, Лиде сыяктуу бир нече шаарда катталды.

Буга чейин беларус оппозициясынын бозгундагы лидери Светлана Тихановская жарандарды добушканалардын айланасына топтолуп, Орусиянын Украинага кол салганына нааразылык билдирүүгө чакырган.

Жекшемби күнү Беларустун баш калаасында ондогон адамдар "Согушка жол жок!", "Украинага даңк!" деп ураан чакырып турушту.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы 27-февралдагы референдумду "өттү" деп жарыялады.

Оппозиция кескин сынга алган конституциялык өзгөртүүлөр Беларусту дээрлик 28 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенкого 2035-жылга чейин бийликте калууга жол ачат. Ошондой эле Баш мыйзамдан Беларус "өзөктүк куралдан эркин аймак" деген аныктама алынат. Адистер бул өзгөрүү Орусиянын өзөктүк куралынын Беларуска келишине жол ачарын айтып жатышат.

Беларуста 2020-жылдын август айында өткөн талаштуу президенттик шайлоодон кийин Лукашенконун бийлигине каршы ири демонстрациялар өткөн. Лукашенконун бийлиги алардын көбүн күч менен тараткан. Батыштын бир катар өлкөлөрү шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес жана Беларуска санкция салган.

27-февралда Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен Беларуска Орусиянын Украинадагы чабуулуна көмөктөшкөнү үчүн жаңы санкциялар киргизиле турганын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG