Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:38

Орус десанттары Николаев шаарына коно албай калганы белгилүү болду


Николаев шаары Украинанын аскер күчтөрүнүн көзөмөлүндө турганын Николаев облустук администрациясынын башчысы Виталий Ким билдирди.

"Николаевди коргоп калдык. Абадан коргонуу күчтөрү чабуулдун мизин кайтарды", - деди ал.

Анын айтымында абадан коргонуу күчтөрү орусиялык десанттардын Очаковго конуусуна жол берген жок.

Жума күнү кечинде жана ишембиге караган түнү Орусиянын күчтөрү Украинанын бир катар аймактарындагы объекттерге сокку урууну улантты.

Киевде болжолдуу аба чабуулдарына байланыштуу сирена угулуп жатты. Айрым райондордо жарылуу жана атышуу болуп жатканын социалдык тармактарда жарыяланган видеолордон көрүүгө болот.

Украинанын баш калаасынын түндүк-чыгышындагы ТЭЦ-6 жылуулук электр борбору жайгашкан райондо бир нече жарылуу болгону кабарланды. Кандайдыр бир кыйроо же жоготуулар тууралуу маалымат жок.

Хмельницк облусунун Староконстантинов шаарындагы аэродромго да чабуул коюлду. Аба соккуларынан улам Николаев шаарындагы күйүүчү май кампасын өрт чулгаганы кабарланды.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын түштүгүндөгү Мелитопол шаары орус күчтөрүнүн колуна өткөнүн билдирди. Бирок бул маалыматты украин тарап толук ырастай элек.

Орусиянын Украинага чабуулу 24-февралдын таңынан бери уланууда. Москва Украинанын “демилитаризациясын" көздөй турганын, Киевдин НАТОго мүчө болушуна каршы экенин билдирип жатат. Украин бийлиги Орусиянын кол салышын ачык эле согуш деп мүнөздөдү. Мындан улам Батыш өлкөлөрү Орусияга, анын ичинде президент Владимир Путиндин өзүнө да санкция салды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG