Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:44

БУУ: Орусия Украинага кол салууну айыптаган резолюцияга вето койду


БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйыны, 25-февраль 2022-жыл.
БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйыны, 25-февраль 2022-жыл.

Орусия Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде Москванын Украинага кол салышын айыптаган резолюциясынын долбооруна вето койду.

Кошмо Штаттар жана Албания биргелешип даярдаган резолюцияны кеңештин 11 мүчөсү колдоду. Кытай, Индия жана Бириккен Араб Эмирлиги добуш берүүдөн карманды.

Бул резолюциянын долбоорунда Орусия Украинага каршы “агрессиясын” көрсөткөнү, Москва аскерлерин тез арада украин жергесинен чыгарып кетиши керек экени жазылган.

Орусиянын Украинага чабуулу 24-февралдын таңынан бери уланууда. Куралдуу кагылышуулар баш калаа Киев баштаган бир катар шаарларда жүрүп жатат. Украинанын бийлиги кармаштын биринчи күнү 137 аскери мерт болгонун кабарлады.

Орусия курмандыктар боюнча маалымат тарата элек. Киев 25-февраль, саат 15:00гө карата үч миңдей орус аскерин жок кылганын маалымдады. Москва муну ырастаган жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG