Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:13

Украина 3 миңдей орус аскерин жок кылганын кабарлады


Украинанын аймагында талкаланган Орусиянын аскердик техникасы.
Украинанын аймагында талкаланган Орусиянын аскердик техникасы.

Украинанын Коргоо министрлиги Орусиянын кеңири масштабдагы ачык кол салуусунан бери 2800 орус жоокерин жок кылганын кабарлады. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтындагы маалыматка таянуу менен “Азаттыктын” украин кызматы жазды.

Билдирүүдө 25-февраль, саат 15:00гө карата Орусиянын 80 танкы, 516 чопкутталган автоунаасы, 10 учагы жана 7 тик учагы жок кылынганы кабарланат.

Орусиянын бийлиги бул маалыматтарды ырастап же төгүндөй элек. Бул өлкөнүн Коргоо министрлиги өзүнүн жоготуулары жана курмандыктары боюнча маалымат берген эмес. Алар мурдараак Украинанын 100дөн ашуун аскердик объектисин талкалаганын гана тактаган.

Буга чейин украин президенти Владимир Зеленский чабуулдун алгачкы күнү 137 украин жоокери каза болгонун маалымдаган. Алардын экинчи күнкү жоготуулары тактала элек.

Орус президенти Владимир Путин 24-февралдын таңында билдирүү жасап, Донбасста "атайын аскердик операция уюштуруу" деген жүйө менен Украинага согуш ачты. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырды. Таңкы саат бештерде орус аскерлери Украинага чабуул жасап, басып кирди. 25-февралда таңдан баштап орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоосун улантууда.

Украина кармаштын биринчи күнү 137 аскери мерт болгонун кабарлады, Орусия курмандыктар боюнча маалымат тарата элек.

Украинанын президенти Владимир Зеленский муну ачык эле согуш деп атап жатат. Батыш өлкөлөрү жана НАТО, Евробиримдик да Москванын кадамын кескин айыптады. АКШ орусиялык бир катар банктарга чектөө киргизип, айрым аткаминерлеринин балдарынын активдерин камакка алган. Австралия, Жапония жана Канада Орусияга каршы санкцияларды колдоду. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG