Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:31

Жалал-Абадда кар көчкүнүн алдында калган машина табылды


Көчкү жүргөн аймак.
Көчкү жүргөн аймак.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги түндүк-түштүк альтернативдүү автожолунун (Балыкчы - Казарман - Жалал-Абад) 338-чакырымында Көк-Арт ашуусундагы тоннелдин түштүк тарабында кар көчкү басып калган унаа табылганын билдирди. Бирок анын ичинде адам болгон эмес. Бул тилкеде жол салып жаткан "Чайна Роуд" ишканасынын бир жумушчусу кар көчкү алдында калып, табыла элек.

Аталган министрлик 14-февралда Жалал-Абадда эки жолу кар көчүп, төрт кишинин дайыны чыкпай жатканын билдирген. Анда түндүк-түштүк альтернативдүү авто жолунун 340-чакырымында (тоннелдин түштүк тарабы) кар көчүп, “Пикап” автоунаасын басып калганын маалымдаган.

Дагы бир “Пикап” автоунаасын жана бир вагонду сайга сүрүп кеткен. Натыйжада үч адам (66 жаштагы А.А., 52 жаштагы К.Т. – эркек, Кыргызстандын жарандары жана Л.З. (туулган жылы такталууда) – Кытайдын жараны) жабыркап, бир адам дайынсыз экени кабарланган.

Ушул эле күнү саат 12:30 чамасында Тогуз-Торо районунун аймагында, Түндүк-Түштүк (Балыкчы – Жалал-Абад) альтернативдүү автожолунунун болжол менен 334-чакырымында (Көк-Арт ашуусу) кар көчкү түшүп, үч кишини басып калган. Маалыматка караганда, “Чайна Роуд” ишканасына тиешелүү “Нива” машинасын, жүктөгүчтү жана эки экскаваторду кар басып калган. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG