Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:59

Акылбек Жапаров Казакстанга жумушчу сапар менен жөнөп кетти


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төргасы Акылбек Жапаров 24-25-февраль күндөрү Нур-Султан шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат, ошондой эле бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Өкмөттүн басма сөз кызматы анда Евразиялык экономкалык биримдикке мүчө өлкөлөрдөгү макроэкономикалык абал, интеграциялык бирикменин бажы аймагына ташылып келген товарларга байкоо жүргүзүү механизми жөнүндө макулдашууну жана жүктөрдү көзөмөлдөө үчүн ЕАЭБде навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшү караларын билдирди.

"Ошондой эле 2022–2023-жылдарга уюмга мүчө өлкөлөрдө жарандык авиакурулуш жаатындагы өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүү боюнча жол картасы талкууланат. ЕАЭБ интеграцияланган маалыматтык тутумунун учурдагы абалы жана аны өнүктүрүү, ЕАЭБдеги өнөр жайдын инструменттерин баалоо жана мамлекттик колдоо көрсөтүү деңгээли тууралуу баяндама угулат. Мындан сырткары "Евразиялык агроэкспресс" тездетилген контейнердик темир жол рельси жана айыл чарба продукциясын мультимодалдык ташууну ишке ашыруу боюнча мүчө мамлекеттердин биргелешкен долбоору жана башка бир катар маселелер каралат", деп айтылат маалыматта.

Акылбек Жапаровдун Нур-Султан сапары кыргыз-казак чек арасында жүк өткөрүү кыйындаган маалга туш келди. Чек ара кызматы 23-февралда "Ак-Тилек" өткөрмө бекетинде 200дөй жүк ташыган машинелердин кезеги жаралганы маалымдалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG