Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:26

Балдары майып энелер басмырлоодон улам президентке кайрылышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте 24-февралда майып балдардын ата-энелери коомдогу басмырлоого каршы маалымат жыйын өткөрүштү. Алар борбор калаадагы "Авангард клуб" спорт комплексиндеги соңку окуя бир топ көйгөйдү ачыкка чыгарганын айтышты.

"Биз майыптыгы бар балдардын энелеринин демилгелүү тобу акыркы кырдаалга нааразы болуп чыгып жатабыз. Кыргызстанда майып балдарга шарт жок. Коомдук унаа, коомдук жайларда пандус маселеси чечиле элек. Майып балдар билим алуудан да аксап келет. Биз бул көйгөйгө өкмөттүн, президенттин көңүлүн бургубуз келет", - деп айтылат ата-энелердин президентке жолдогон кайрылуусунда.

Апта башында "Авангард клуб" спорт клубу майыптыгы бар баласын кабыл албай койгонун социалдык тармактарда айтып чыккан эненин окуясы коомдо кызуу талаш-талкуу жараткан.

Кыргызстанда 18 жашка чыга элек майыптыгы бар 38 миңдей бала катталган. Алардын үч миңден ашууну атайын интернат жайларда жашайт. Ден соолугунан чектелген балдардын 40% гана жалпы билим алат, ал эми калганы үйүндө ата-энесинин же жакындарынын багуусунда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG