Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:19

БУУнун баш катчысы: орус аскерлери Донбасста тынчтык орнотпойт


Антониу Гутерриш.
Антониу Гутерриш.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш өзүн “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган аймактардагы жагдай геноцид деген аныктамага туура келбей турганын билдирди. Ошол себептүү БУУ Донбасстын аймагына кирген орусиялык аскерлерди тынчтык орнотуучу күчтөр катары санабай турганын маалымдады.

БУУнун сайтына жарыяланган Гутерриштин билдирүүсүндө Орусия Федерациясынын жикчил “республикалардын” көз карандысыздыгын таануу аракети Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана суверенитетин бузары, Улуттар Уюмунун жобосуна каршы келери белгиленет.

“Бир өлкөнүн аскерлери экинчи өлкөнүн уруксаты жок анын аймагына киргени, алар бейтарап бейпилдик орнотуучулар болуп эсептелбейт”,- дейт анда баш катчы.

Орусиянын президенти Владимир Путин мурдараак атайын телекайрылуусунда 2014-жылы Украинада болгон төңкөрүштөн кийин “Донбасстагы орус тилдүү миллиондой адам геноцидге кабылып жатканын” айткан. Ал жикчилдерди таанууну ушуну менен байланыштырып, аларды коргоо зарылдыгы менен түшүндүргөн.

21-февралда Путин Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Чечимди Мамдума 22-февралда ратификациялады, ошол эле күнү Федералдык кеңеш орус аскерлерин Донбасста колдонууга уруксат берди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын аракетин өз өлкөсүнүн суверенитетин бузуу катары баалады. Украин парламенти башка өлкөлөргө кайрылып, жикчилдер ээлеп турган Украинага караштуу аймактарды Орусиянын артынан тааныбоого чакырды. Батыш өлкөлөрү жана НАТО, Евробиримдик да Москванын кадамын кескин айыптады.

Кремлдин соңку чечими Донбасста кырдаал курчуган маалда кабыл алынды. Өз кезегинде Орусия Украинанын тегерегине 150 миңдей аскерин жыйнаган.

2014-жылы Орусия Украинага караштуу Крым жарым аралын аннексиялап алган. Ошол эле жылы Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарындагы Москвага таянган жикчилдер “Референдум” делген добуш берүү өткөрүп, өздөрүн-өздөрү “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялашкан. Москва Украинага карата агрессияны жана жикчилдерди колдогонун төгүндөп келген. Эки аймакты тең Орусиядан башка эч ким мамлекет катары тааныган эмес, алар экөө биригип Донбасс деп аталат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG