Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:05

Ноокатта иске ууланып үч киши каза болду


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Оштун Ноокат районунда үч киши өздөрү жашаган үйдө иске ууланып көз жумду. Окуя 21-февралга караган түнү Көк-Бел айылында болгонун Ош облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлап, алар ошол кыштактын тургундары экенин билдиришти.

Алардын сөөгү эки күн үйдө жатып калган. 22-февралда саат 21:00 чамасында милицияга белгилүү болгон.

Көз жумгандардын бири 63 жаштагы эркек, экинчиси 62 жаштагы аял, үчүнчүсү 9 жаштагы бала.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы аларга күч колдонулбаганын далилдеген. Каза болгондордун жакындары сөөктөрдү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышып, маркумдардын өлүмү боюнча эч кандай доосу жок экендигин билдиришкен. (ABb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG