Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:53

Беларуста конституциялык референдум үчүн алдын ала добуш берүү башталды


Беларуста добушканаларда уюшулган кабина.
Беларуста добушканаларда уюшулган кабина.

22-февралда Беларуста Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумда алдын ала добуш берүү башталды. Негизги добуш берүү – 27-февралда өтөт.

“Азаттыктын” беларус кызматы кабарлагандай, өлкөдөгү бир катар саясатчылар жана коомдук ишмерлер бурмалоолорго жол бербөө үчүн шайлоочуларды жекшемби күнү добуш берүүгө чакырып жатышат.

Басылмалар айрым шайлоо тилкелериндеги кабиналар ачык турганын, добуш берүү учуру комиссиянын мүчөлөрүнө көрүнүп турарын жазышууда. Мурдараак Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы бул чараны коронавирустун алдын алуу себеби менен түшүндүргөн.

Беларуста жаңы Конституция кабыл алуу үчүн референдумду дайындоо тууралуу жарлыкка өлкөнүн башында турган Александр Лукашенко 20-январда кол койгон. Референдумдун катышуучуларынан Баш мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү колдору-колдобосу гана суралат.

Негизги мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр 22 беттен бурат: Парламенттин президентке импичмент жарыялоо укугу жоюлат. Чет өлкөдө жашагандар президенттикке талапкер боло албайт. Президент өмүр бою кол тийбестик укугуна ээ болот.

Конституциянын долбоору Александр Лукашенконун чексиз авторитардык башкаруусун дагы чыңдап, анын 2035-жылга чейин бийликте калуусуна өбөлгө түзөт. 2020-жылы алтынчы мөөнөткө барган талаштуу президенттик шайлоодон кийинки катаал репрессияларга нааразылыктардан кийин Лукашенко Баш мыйзамды өзгөртүүнү сунуштаган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG