Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:40

"Т-Медиа" редакциясы коркутуу боюнча милицияга кайрылды


"Т-Медиа" телеканалынын логотиби.
"Т-Медиа" телеканалынын логотиби.

Оштогу “Т-Медиа” редакциясы өздөрүнө коркутуу болгонун билдирип чыгышты.

Редакцинын маалыматына караганда, 19-февралда түштөн кийин кызматтык телефонго белгисиз адам чалып, редакциянын кызматкерлери тууралуу маалымат сураган. Телефонго жооп берген басылманын кызматкери Аймээрим Дарбанбекова анын ким экендигин, кандай максатта чалып жатканын сураган учурда “мен силерди билем, кеңсеңерди өрттөп кетем” деп коркуткан.

“Т-Медиа” редакциясынын директору Жаныбек Деркенбаев ошол эле күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган. Милиция фактыны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттаган.

Учурда иликтөө иштери жүрүүдө. Ошондой эле редакция медиа юристтер менен да иш алып барып жатат.

“Т-Медиа” басылмасы Ошто бир катар иликтөөлөрдү жарыялап, коомдук-саясий окуяларды түз ободо чагылдырат. (AAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG