Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:05

Батыш Орусиянын Донбасстагы жикчилдерди тааныганын айыптады


Орусиянын президенти Владимир Путинди айыптаган акциялардын бири.
Орусиянын президенти Владимир Путинди айыптаган акциялардын бири.

Вашингтон тараткан билдирүүдө АКШ Орусиядан мындай кадамды күткөнүн белгилеп, Москванын жикчил эки республиканы таануу аракетин "эл аралык милдеттемелерди бузуу" деп баалады. Президент Жо Байден жакын арада америкалык компанияларга жана жарандарга "Луганск Элдик Республикасы" (ЛЭР) жана "Донецк Элдик Республикасы" (ДЭР) деп аталган жикчил аймактар менен мамиле түзүүгө тыюу салган жарлык чыгарары маалым болду.

Жо Байден Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефондон сүйлөшкөнү белгилүү болду. Анын чоо-жайы азырынча белгисиз.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг президент Путиндин чечимин кескин айыптап, “бул Украинанын суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн дагы бузарын жана ал Минск келишиминен чыгуу дегенди түшүндүрөрүн” айтты.

Евробиримдиктин жетекчилери Шарль Мишель менен Урсула фон дер Ляйен Кремлдин аракетин кескин айыптап, Москвага каршы жаңы санкциялар салынарын эскертти. Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий өнөктөштөрүн "Кремлге каршы бирге жооп берип, кескин санкцияларды киргизүүгө" чакырды.

21-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын тегерегиндеги кырдаал боюнча видео кайрылуу жасап, бул өлкөнүн чыгышындагы жикчилдер “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган эки аймакты көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялады. Анын артынан эле атайын жарлыкка кол койду. Андан кийин аларды түзгөн жикчил топтордун башчылары Денис Пушилин жана Леонид Пасечник менен келишимдерди кабыл алды.

Кремлдин соңку чечими Донбасста кырдаал курчуган маалда ишке ашты. Өз кезегинде Орусия Украинанын тегерегине 150 миңдей аскерин жыйнаган.

Орусиячыл жикчилдер 2014-жылдын апрель айында эки облустун аталышын “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялашкан. Москва Украинага карата агрессияны жана жикчилдерди колдогонун төгүндөп келет. Донецк көмүр бассейни - Донбасста жайгашкан эки аймактын көз карандысыздыгын эч ким тааныган эмес. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG