Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:37

Ошто сот кызматкерлерине мыйзамсыз камоо боюнча иш козголду


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Ош облусунун прокуратурасында Кылмыш-жаза кодексинин 191-беренеси (“Мыйзамсыз камакка алуу же камакта кармоо”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады.

“Ош облустук сотунун жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз жана негизсиз аракеттеринен улам, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 59-беренесинин талабы одоно бузулуп, “И.Б.” аттуу адам 4 күн мыйзамсыз камакта кармалган”, - деп айтылат маалыматта.

Башкы көзөмөл органы кармалган адам эмнеге шектелгени боюнча маалымат берген жок. Ош облустук соту прокуратуранын айыптоосуна жооп бере элек.

Баш мыйзамдын 59-беренесине ылайык соттун чечимисиз 48 сааттан ашык мөөнөткө кармоого тыюу салынат. Бул берененин жоболору бузулган учурда кармалган жаран компенсация төлөтүп алууга укугу бар. Негизсиз кармоо же камакка алуу аныкталган учурда кызмат адамдары жоопкерчиликке тартылышы керек. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG