Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:32

Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайы ремонттон өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор Бишкек мэриясынын шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайын капиталдык ремонттон өткөрүү чечимин кубануу менен кабыл алганын билдирет. Бул тууралуу аталган борбордон билдиришти.

Бишкек шаардык мэриясы шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайы апрелдин аягына чейин капиталдык ремонттон өтөрүн билдирген.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор башка жергиликтүү бийликтер дагы борбор калаадан үлгү алып, калган 45 убактылуу кармоочу жай ремонттон өтөт деп үмүттөнөрүн айтты.

Кыргызстан боюнча 45 убактылуу кармоочу жай, 259 камера бар. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG