Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:01

Путин менен Лукашенко Орусияда жолукту


Александр Лукашенко менен Владимир Путин. 18-февраль, 2022-жыл.
Александр Лукашенко менен Владимир Путин. 18-февраль, 2022-жыл.

Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко менен Орусиянын президенти Владимир Путин Москвада жолугушту. Бул тууралуу эки өлкөнүн лидерлеринин сайттары маалымдады.

Сүйлөшүү эки саатка созулуп, андан кийин алар биргелешкен билдирүү жасашты.

Анда алар коопсуздук боюнча кызматташуу темасын талкуулап, соңку биргелешкен макулдашуу кайсы бир тарапка чабуул жасоо максатында эмес, коргонуу максатында өтүп жатканын айтышты.

Путин өз сөзүндө учурда Украинанын чыгышында кырдаал курчуп жатканын белгилеп, Киевди Донбасстын өкүлдөрү менен сүйлөшүү үстөлүнө олтурууга чакырды. Ал Беларус менен Орусия Батыштын санкцияларын азайтуу үчүн биргелешкен аракеттерге барарын кошумчалады.

Мунун алдында өздөрүн-өздөрү жарыялаган “Донецк Элдик Республикасынын” башчылары коопсуздукка байланыштуу аймактын жашоочулары Орусиянын Ростов облусуна жапырт эвакуацияланып жатканын маалымдады.

10-февралда Беларуста Орусия менен биргелешкен аскердик машыгуу башталган. Ал 20-февралга чейин уланары айтылган. Ага катышкан жоокерлердин жана техниканын саны айтылган жок. Орусия кошуна өлкөгө зениттик-ракета комплекстерин, истребител, башка согуш учактарын, замбирек дивизионун жөнөткөн.

Мындай кадам орус аскерлери украин чек арасына жакын топтолгон учурда болуп жатканы Батыш өлкөлөрүнүн чочулоосун күчөткөн.

АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия баштаган 30дай мамлекет мүчө болгон НАТОго Украинаны кошууну тездетүү маселеси былтыр жайда каралган. Андан кийин Орусия Украинанын чек арасына 100 миңдей аскерин тартып, ага каршылык билдирген.

АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү Москваны "чабуул жасаганга даярданып жатат" деп айыптаган. Чыңалуу жыл башынан бери курчуп жатат. НАТО менен АКШ украин чек арасындагы орус аскерлеринин саны 150 миңге жетип калганын маалымдоодо. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG