Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:53

Москва соту Навальныйдын инисин камакка алуу чечимин чыгарды


Олег Навальный.
Олег Навальный.

Москва соту орусиялык оппозицинер Алексей Навальныйдын бир тууганы Олег Навальныйдын шарттуу түрдө кесилген бөгөт чарасын өзгөртүп, аны өзгөчө режимдеги абакта бир жылга камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги жазды.

Бөгөт чараны өзгөртүү өтүнүчүн жазык аткаруу инспекциясы келтирген. Мекеме муну кенже Навальный аларга катталып туруу үчүн келбей калганын себеп катары көрсөткөн. Анын алдында ага издөө жарыялашкан болчу.

Федералдык жаза аткаруу кызматы Олег Навальный өлкөдөн чыгып кеткен деп билдирүүдө. Оппозиционердин иниси сыртка чыгып кеткенин кабарлаган эмес.

Олег Навальный 2021-жылдын августунда пандемиялык чектөөлөрдү бузууга калың элдин алдында чакырык таштагандыгы үчүн соттолгон. Ал өзү жана тарапташтары соттун чечими саясатташканын айтып келишет.

Кремлдин башкы сынчысы Алексей Навальный былтыркы февралдан бери колонияда отурат. Ага буга чейинки өкүмдүн шарттарын бузган деген айып тагылган. Бул иште дагы саясий боёк бар деп сыпатталып келет.

25-январда орус бийлиги саясатчыны жана бир нече санаалашын "террорчулардын жана экстремисттердин" тизмесине кошкону белгилүү болгон. Алардын арасында Любовь Соболь, Вячеслав Гимади, Георгий Албуров, Лилия Чанышева жана Руслан Шаведдинов бар. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG