Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:42

АКШ Москвадан украин кризиси боюнча сунушка жооп алды


АКШнын Москвадагы элчилиги.
АКШнын Москвадагы элчилиги.

АКШнын президенти Жо Байден Орусия-Украина кризисин чечүү боюнча берген сунуштамасына Москвадан жооп алганын ырастады. Бул тууралуу ал 17-февралда Ак үйдөн чыгып баратып айтты жана жоопту окуй элек болгондуктан, комментарийлей албай турганын айтты.

Байден ага карабай Орусиянын Украинага кол салуу коркунучу дале сакталып турганын белгилеп, дипломатиялык чечимдер үчүн эшик дале ачык экенине токтолду.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Вашингтондун берген сунуштарына жоопту АКШнын Москвадагы элчиси Жон Салливанга бейшемби күнү бергенин маалымдады. Мунун артынан эле ТАСС агенттиги анын толук текстин жарыялады.

Москванын катында “Америка тарап коопсуздук кепилдиги боюнча конкреттүү сунуштарды бербегени” көрсөтүлгөн. Орус тарап “ошол себептүү аскердик-техникалык мүнөздөгү чараларга барарын” белгилеген, кандай чаралар экени такталган эмес.

Январда Орусия АКШга жана НАТОго “коопсуздук кепилдиги” тууралуу талаптар топтомун койгон. Москва анда “НАТО чыгышка карай кеңейбеши керек”, “Орусиянын чек арасына жакын аймактарда ракеталарды жайгаштырбоого тийиш” жана “1997-жылкы чек арасынан сырткары аймактарда эч кандай машыгууларды, чалгындоо операцияларын өткөрбөшү керек” деген талаптарды койгон.

АКШ менен НАТО бул боюнча Москвага кат түрүндө жооп берип, Украина эркин өлкө катары каалаган уюмга кошулууга укугу бар экенин кабарлаган жана кризисти чечүү үчүн башка сунуштарды берген. Москванын соңку каты ошол жооп катка жооп болуп жатат.

НАТОго АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия баштаган 30дай мамлекет мүчө. Былтыр жайда ага Украинаны кошуу маселеси каралган.

Мындан көп өтпөй, 2021-жылдын күз айларында Батыштын бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары чалгынга таянуу менен Украинанын чек арасына жакын Орусиянын аскерлери топтолгонун жазышкан. АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү Москваны "чабуул жасаганга даярданып жатат" деп айыпташкан. Орусия АКШ менен НАТОдон коопсуздук кепилдигин талап кылып, Украина менен чек арага жакын жерде 100 миңдей аскери машыгуу үчүн топтолгонун айткан. Батыш тарап учурда орус аскерлеринин саны 150 миңге чукулдаганын билдирүүдө. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG