Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:51

Жалал-Абад: Наристенин өлүмүнө айыпталган өгөй атанын иши каралууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облустук сотунда бүгүн, 17-февралда 2,5 жашар кыздын өлүмү боюнча иш каралды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна жабыркаган тараптын жактоочусу Нурислам Раимжанов билдирди.

Анын айтымында, облустук сотко райондук соттун өкүмүнө каршы апелляциялык арыз менен прокуратура кайрылган жана адвокат катары бул арызды ал өзү да колдойт. Көзөмөл органы кыздын өлүмүнө айыпталып жаткан адамга берилген жаза жеңил болуп калганын жүйө келтирген.

Бүгүнкү отурумда адвокат Раимжанов билдиргендей, айыпталуучу жана кыздын мыйзамдуу өкүлү суралды, кийинки отурумда сөз күбөлөргө берилет:

“Айыпталуучу дагы эле моюнуна албай келет. Ал “акырын эле түртүп койгом” деп жатат. Бирок анын сөздөрү иштин чыныгы жагдайына дал келбейт”.

Окуя 2019-жылдын март айында Сузак районунда болгон. Ошол эле жылдын ноябрь айында райондук сот кыздын өлүмүнө күнөөлүү деп, апасын 7,5 жылга эркинен ажыраткан. Бирок келин кош бойлуу болгондуктан жаза мөөнөтүн баласы 14 жашка чыккандан кийин өтөй турган болгон.

Прокуратура бул ишке кыздын өгөй атасынын тиешеси бар экени тууралуу далилдерди келтирген соң айып ошол кишиге коюлуп, ал 4,5 жылга эркинен ажыратылган. Соттун өкүмү өгөй атасы кызды “кокусунан өлтүрүп алган” деген негизде чыгарылган.

Кыздын боору айрылып, кулагы тытылып, башында жана денесинде катуу нерсе менен урулган көк ала тактар бар экенин жүйө келтирген прокуратура жана жактоочу тарап муну кокустук деп атоо мүмкүн эместигин айтып, жаза чарасын катуулатуу өтүнүчү менен облустук сотко кайрылышкан.

Кыргызстанда акыркы үч жылда балдарга карата сексуалдык зомбулук дээрлик эки эсе, психологиялык зомбулук үч эсе, денеге залака алып келген зомбулук 30% көбөйгөнүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги быйыл 8-февралда билдирди. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG