Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:05

Украиналык ырчы Eurovision сынагына катышуудан баш тартты


Алина Паш.
Алина Паш.

Украиналык ырчы Алина Паш коомчулуктун басымынан кийин Eurovision-2022 сынагына катышуудан баш тартканын жарыялады.

28 жаштагы музыкант «Инстаграм» баракчасында коркутууларга жана каралоолорго, социалдык түйүндөрдө чабуулга кабылганын маалымдады.

Алина Паш сынакка 12-февралда тандалып алынган эле. Анын жеңиши социалдык түйүндөрдө кескин сын-пикирлерди жараткан. Украин коомчулугу аны Орусия аннексиялап алган Крымда концерт өткөргөнү үчүн айыптаган.

Ырчы 2015-жылы Крымда ырдаганы үчүн "Миротворец” деп аталган атайын базага киргизилген. Бул тизмеге украин мыйзамдарын бузуп, Крымга Орусия аркылуу өткөндөр кошулат. Сынакка тандоонун алдында Паш уюштуруу тобуна Крымга Украинанын Херсон облусу аркылуу өткөнүн ырастаган документ көрсөткөн. Кийин өлкөнүн Чек ара кызматы андай тастыктама бербегенин маалымдаган жана ал 2019-жылкы маектеринде Крымга Москва аркылуу барганын айтканы ачыкка чыккан.

Eurovision сынагына тандоо боюнча Украина бекиткен эрежелерге ылайык, ага барчу ырчылар Орусияда жана Крымдагы маданий иш-чараларга катышпаган болушу керек. Украинанын улуттук коомдук телерадиокомпаниясы жакын арада Паштын баш тартуусу боюнча маалымат болорун жарыялады.

Eurovision сынагы - 1956-жылдан бери уюштурулуп келаткан шоу. Быйыл мааракелик, 65-айлампасы өттү. 2019-жылы Израилде болуп, Нидерланддан катышкан Дункан Лоуренс жеңген. Эрежеге ылайык, сынак жеңүүчү ырчынын өлкөсүндө өтөт.

Италия бул сынакта 1964 жана 1990-жылдары уткан. Eurovision-2021 обондуу ырлар сынагында италиялык Måneskin тобу уткан. Эрежеге ылайык, сынак кийинки жылы жеңүүчү ырчынын өлкөсүндө өтөт. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG