Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:18

Европа соту Венгрия менен Польшанын арызын четке какты


Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин картасы.
Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин картасы.

Европа Биримдигинин жогорку соту мыйзам үстөмдүгү чечимине байланыштуу даттанган Венгрия менен Польшанын арызын канааттандырган жок. “Сот толук курамда доону четке кагат”, - деп айтылат 16-февралда окулган соттун өкүмүндө.

Европа Биримдигинин 2020-жылдын декабрында кабыл алынган жаңы механизминде мыйзам үстөмдүгүнүн принциптерин бузган мүчө-өлкөлөр уюмдун жалпы бюджетинен чыгаары көрсөтүлгөн. Венгрия менен Польшанын өкмөттөрү блоктогу 27 мамлекеттин мындай чара кабыл алууга юридикалык ыйгарым укугу жоктугун билдирип, Европа сотуна даттанган эле.

ЕБ Венгрия менен Польшаны аял укуктарынын, кумсалардын жана мигранттардын укуктарынын бузулушу, ага карата кабыл алынган чаралар боюнча айыптап келет. Мындан сырткары бул өлкөлөрдө соттордун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана окумуштуулардын эркиндиги да кысмакка алынганы сынга алынат.

Европа Биримдигинин Люксембургда жайгашкан жогорку сотунун чечими даттанууга жатпайт.

Венгриянын оңчул улутчул премьер-министри Виктор Орбан өзү жетектеген өлкөнүн Евробиримдиктен чыгуу мүмкүнчүлүгүн кыйытканы 12-февралда кабаранган.. Мунун артынан эле билдирүү тараткан венгер өкмөтү Орбан мындай сөздөрдү айтканын төгүндөгөн.

Экономикалык жана саясий бирикме саналган Европа Биримдигинде учурда 27 мамлекет мүчө. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG