Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:22

Коронавирустан эки киши каза болуп, 55 адамдан жаңы аныкталды


Соңку бир суткада (16-февралга карата) Кыргызстанда коронавирус 54 адамдан жаңы аныкталды. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында – 25 киши.

  • Ош шаары - 2
  • Чүй облусу – 9
  • Талас облусу - 2
  • Ысык-Көл облусу – 6
  • Жалал-Абад облусу – 10

Ош, Нарын, Баткен облустарында вирусту жуктуруп алгандар катталган жок.

Саламаттык сактоо министрлиги вирустан дагы үч бейтап каза болгонун билдирди. Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуккандардын жалпы саны 200 миңден ашты, 2935 адам каза болуп, 193 миңден көп киши сакайып чыкты.

Ушу тапта 378 бейтап ооруканада, 1910 адам үйүндө дарыланып жатат.

3-февралда Коронавируска каршы күрөшүү штабынын жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Улукбек Бектурганов Кыргызстан вирустун төртүнчү толкунунун чегинен өткөнүн айткан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG