Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:31

Шольц Украинага каршы агрессиянын кесепети оор болорун эскертти


Германиянын канцлери Олаф Шольц Москвада. 15-февраль, 2022-жыл.
Германиянын канцлери Олаф Шольц Москвада. 15-февраль, 2022-жыл.

Кремлде орус президенти Владимир Путин менен Германиянын канцлери Олаф Шольцтун үч сааттан көп убакытка созулган сүйлөшүүсү жыйынтыкталды. Шольц Украинанын чек арасында Орусиянын он миңдеген аскерлери топтолуп турганына тынчсыздануусун билдирди. Ал Европадагы согушту алдын алуу чөлкөмдөгү бийлик жетекчилеринин жоопкерчилиги экенин, чыңалууну жөнгө салуу боюнча дипломатиялык аракеттер уланып жатканын белгиледи.

"Айрым аскердик бөлүктөр чыгарылып жатканын угуп жатканыбыз жакшы жышаан. Мындай белгилер дагы көп болот деп үмүттөнөбүз", - деди Шольц.

Ал Германия Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдой турганын, бул өлкөгө карата агрессия терс кесепеттерге алып келерин эскертти.

Президент Путин Украинаны Донбасстагы кырдаалды жөнгө салууну көздөгөн "Минск келишимин аткарбай жатат" деп күнөөлөдү. Киев мындай дооматтарды четке кагып келет.

Ошондой эле Путин "Орусия Украина менен чек арасына жакын аймактардан аскерлерин чыгарып кетүүнү улантабы?" деген суроого жооп берип, Москва "планга ылайык" иш алып барарын, анын жүрүшү конкреттүү окуяларга, анын ичинде НАТО менен сүйлөшүүлөргө жараша болорун айтты.

Буга чейин Орусиянын Коргоо министрлиги Түштүк жана Батыш округдарындагы айрым аскердик бөлүктөр туруктуу жайгашкан пункттарына кайта турганын билдирген. Киев жана НАТО азырынча аскерлер Украинага чектеш аймактардан чыгып кете электигин билдиришти.

АКШ, Британия сыяктуу НАТОго мүчө өлкөлөр Орусия Украина менен чек арасына жакын аймактарына 130 миңдей аскерин жана аскердик техникасын топтоп койгонун, Москва кайсы учур болбосун Украинага кол салышы мүмкүндүгүн эскертип келишет. Орусия мындай ниети жоктугун билдиргени менен Батышка "Украина НАТОго мүчө болбошу керек" деген сыяктуу бир катар талаптарды коюп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG