Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:38

ДССУ Кыргызстан жана башка өлкөлөрдү эмдөөгө көңүл бурууга чакырды


Бишкектеги вакцина борбору.
Бишкектеги вакцина борбору.

Кыргызстанда, Өзбекстанда, Украинада, Боснияда жана Болгарияда 60 жашка чейинки жарандардын 40% жетпеген бөлүгү гана COVID-19га каршы толук эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) Европа аймагы боюнча директору Ханс Клюге 15-февралда билдирди.

Ал региондогу мамлекеттерди эмдөөдөн өткөн адамдардын саны аздыгынын себебин иликтөөгө, вакцинация жараянын күчөтүүгө чакырды.

Ошондой эле Клюге коронавирустун "омикрон" вариантынын жаңы толкуну Чыгыш Европада күчөп жатканын эскертти. Анын айтымында, соңку эки аптанын ичинде Арменияда, Азербайжанда, Беларуста, Грузияда, Орусияда жана Украинада COVID-19га чалдыккандардын саны кеминде эки эсеге көбөйгөн.

Анын мындай эскертүүсү Борбордук жана Чыгыш Европадагы Чехия жана Польша сыяктуу бир катар өлкөлөр коронавируска каршы чектөөлөрдү кийинки аптадан тарта жумшартууну көздөп жаткан учурга туш келди.

Адистер коронавирустун "омикрон" вариантынын симптомдору жеңил өтөрүн, бирок аны жугузуп алгандар чукул көбөйсө, ооруканаларга күч келиши мүмкүндүгүн эскертип келишет.

Расмий эсеп боюнча соңку бир суткада (15-февралга карата) Кыргызстанда коронавирус 55 адамдан жаңы аныкталды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG