Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:36

Украина НАТОго кирүү ниетинен кайтпай турганын билдирди


Германиянын канцлери Олаф Шольц менен Украинанын президенти Владимир Зеленский. Киев. 14-февраль, 2022-жыл.
Германиянын канцлери Олаф Шольц менен Украинанын президенти Владимир Зеленский. Киев. 14-февраль, 2022-жыл.

14-февралда Киевде Германиянын канцлери Олаф Шольц менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жолугушуусу аяктады. Анын соңундагы биргелешкен билдирүүдө немис лидери Германия жана анын НАТОдогу өнөктөштөрү Украина тарапта экенин дагы бир жолу ырастап, эгер Орусия ага кол салса, “татыктуу жообун” аларын белгиледи.

Шольц НАТО менен АКШ конфликттин мындан ары курчуп кетүүсүн алдын алуу үчүн Орусияга конкреттүү сунуштарды бергенин, Кремлдин жообун күтүп жатышканын айтты.

Орусия коюп жаткан талаптарынын ичинде Украинаны НАТОго кабыл албоо бар. Биргелешкен басма сөз жыйынында Владимир Зеленский Украина бул пландан баш тартпай турганын, бирок ага чейинки жол дагы канчага созулушун билбей жатканына токтолду.

Олаф Шольц мындан кийин Москвага барып, Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугары күтүлүүдө.

13-февралда АКШнын президенти Жо Байден менен Украинанын президенти Владимир Зеленский телефондон сүйлөшүп, украин-орус чек арасындагы чыңалууну талкуулаган. Байдендин администрациясы кабарлагандай, алар дале чыңалууну дипломатиялык ыкмалар аркылуу чечүүгө ыктап турушат.

Вашингтон мурда Орусия Украинанын чек арасына 100 миңдей аскерин жыйнады десе, учурда анын саны 130 миңге чейин жеткенин маалымдады. Киев Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) жыйынын 48 сааттын ичинде чукул өткөрүп, Орусиянын аракеттерин талкуулоону демилгелеген. Украин тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба ЕККУнун Вена документи боюнча 11-февралдагы кайрылуусуна Москва жооп бербей жатканын айткан.

АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия баштаган 30дай мамлекет мүчө болгон НАТОго Украинаны кошууну тездетүү маселеси былтыр жайда каралган. Ошондон кийин Орусия Украинанын чек арасына 100 миңдей аскерин тартып, ага каршылык билдирген.

АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү Москваны "чабуул жасаганга даярданып жатат" деп айыптаган. Кремль аны четке кагып келатат. Чыңалуу жыл башынан бери курчуду. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG