Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:05

Бишкекте адам укуктарынын сакталышы талкууланат


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

Эртең, 15-февралда Бишкекте адам укуктарына арналган талкуу өтөт. Бул тууралуу парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 14-февралдагы жыйынында "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан депутат Адахан Мадумаров билдирди. Ал адам укуктарынын сакталышы, абалы, көйгөйлүү маселелери жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоо тууралуу сөз сүйлөп, талкууга Конституциялык соттун төрагасы, Баш прокурор, тийиштүү министрликтин жетекчилери, Жогорку Кеңештин депуттары чакырылганын айтты.

Соңунда резолюция кабыл алынып, адам укуктарын коргоо жаатында кечиктирилгис чараларды көрүү тууралуу сүйлөшүлө турганын кошумчалады.

"Соңку мезгилдерде шектүү болгон жаранды колу-бутун кайрып киргизе коюп, андан кийин ага күнөө артып, андан кийин далилдөө тажрыйбасы катуу күчөп кетти. Илгери эгер шектүү болсо анын күнөөсүн моюнуна коюп, анан кармачу эле", - деди Мадумаров.

Жакында "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимов "бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоого” шек саналып кармалып, эки айга камалган. УКМК анын кармалышы социалдык тармактардагы билдирүүлөрү менен байланыштуу экенин бышыктады.

Ага чейин журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровдун кармалып, кайра бошотулушу талкуу жараткан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG