Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:19

Токаев Январь окуяларында каза болгондорду эскерүүгө катышты


Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 13-февралда Нур-Султан шаарындагы Хазрет Султан мечитине барып, январь окуяларында каза болгондорду эскерди.

«Кайгылуу окуялардан бери 40 күн өттү. Мечитке курман болгондорду эскерүү үчүн келдим. Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына дагы бир жолу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Мамлекет кыйынчылыкта сиздерди жалгыз калтырбайт. Орду толгус жоготууга учураган үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүүнү тапшырдым», — деди Токаев иш сапары учурунда жазылган видеокайрылууда.

Токаев январь окуясы учурунда "террорчуларга" байланыштуу айткандарын кайра кайталады.

«Мамлекеттин бүтүндүгү, жарандардын коопсуздугу, өлкөнүн келечеги коркунучта болчу. Биз террористтердин, алардын чабуулунун мизин кайтардык. Тилекке каршы, бул башаламандык көптөгөн жарандардын өмүрүн алып кетти. Бул чыныгы трагедия. Менин тапшырмам боюнча тиешелүү органдар ар бир жагдайды тыкыр иликтеп чыгышат. Мен үчүн адам укуктарын коргоо абдан маанилүү. Жагымсыз окуялар бүтүндөй өлкөнү дүрбөлөңгө салды".

Токаевдин билдирүүсү Алматынын аянтында каза болгондорду эскерүү митинги өткөн күнү жарыяланды.

Январдагы башаламандык кан төгүү менен коштолуп, расмий маалыматтарда 227 киши каза тапканы айтылып жүрөт. Бирок укук коргоочулар каза болгондор мындан көп экенин билдирип келишет.

Алар күч түзүмдөрүнүн колунан каза тапкандардын арасында нааразылык акцияларына тиешеси жок бейкүнөө адамдар да болгон деген фактыларды чогултушкан.

Касым-Жомарт Токаев 7-январда тополоң чыгаргандарды “эл аралык деңгээлде даярдыктан өткөн террорчулар” деп атап, “эскертүүсүз ок атууга буйрук бергенин” айткан. Алматынын өзүндө эле “20 миңдей террорчу бар экенин” билдирген. Ушуга байланыштуу Токаевдин өтүнүчү менен Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскерлери Казакстанга кирип, кырдаал турукташкандан кийин кайра чыгып кетти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG