Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:26

COVID-19: Үч киши каза болуп, 49 адамдан жаңы аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Соңку бир суткада (13-февралга карата) Кыргызстанда коронавирус 49 адамдан жаңы аныкталды. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында – 36 киши.

  • Чүй облусунда – 5,
  • Ош облусунда – 1,
  • Ысык-Көл облусунда – 7 адамдан вирус табылган.

Калган аймактарда ооруну жуктуруп алгандар катталган жок. Саламаттык сактоо министрлиги вирустан дагы үч бейтап каза болгонун билдирди. Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуккандардын жалпы саны 200 миңден ашты, 2927 адам каза болуп, 192 миңден көп киши сакайып чыкты.

3-февралда Коронавируска каршы күрөшүү штабынын жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Улукбек Бектурганов Кыргызстан вирустун төртүнчү толкунунун чегинен өткөнүн айткан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG