Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:47

Байден менен Путин Украинанын тегерегиндеги кырдаалды талкуулады


АКШнын президенти Жо Байден, 30-декабрь, 2021-жыл.
АКШнын президенти Жо Байден, 30-декабрь, 2021-жыл.

12-февралда АКШнын президенти Жо Байден менен Орусиянын президенти Владимир Путин телефондон сүйлөшүп, Украинанын тегерегиндеги кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу Ак үй ишембиде билдирди.

Эки лидер бир саат төрт мүнөт сүйлөштү. Кремль демилгени Вашинтон көтөргөнүн маалымдаса, Ак үй Путин дүйшөмбүдө сүйлөшүүнү сунуштаса, Байден аны ишембиге көндүргөнүн билдирди.

Ак үйдүн билдирүүсүндө Байден эгер Москва Украинанын тегерегиндеги кырдаалды курчутса, Вашингтон өзүнүн союздаштары менен ыкчам жана чечкиндүү жооп берерин так билдиргени айтылат.

Байден «президент Путинге Кошмо Штаттар баштагыдай эле биздин союздаштар жана өнөктөштөр менен бирге дипломатия аркылуу кырдаалды жөндөөгө жана ошондой эле башка сценарийлерге дагы толук даяр экенин айтты» - деп Ак үй билдирди.

Эки лидердин сүйлөшүүсүнөн кийин телеконференцияда Кремлдин тышкы саясат боюнча башкы кеңешчиси Юрий Ушаков «албуутануу жетчү жерине жеткенин» айтып, «президенттер бардык деңгээлде байланыштарды улантууну макулдашты» деп кошумчалады.

Мурдарак Байдендин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Орусия Украинанын аймагына Бээжиндеги Олимпиада оюндары учурунда, 20-февралга чейин кол салууга даяр экенин айткан. Мамлекеттик департамент америкалыктарды Украинадан мүмкүн болушунча жакынкы 48 сааттын ичинде чыгып кетүүгө чакырган. Австралия, Германия, Италия, Нидераланд, Жаңы Зеландия дагы өз жарандарына ушундай эле эскертүү берди.

Жума күнү Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Киевдеги дипломатиялык миссиянын айрым кызматкерлерине Украинадан чыгып кетүүгө кеңеш бере турганын билдирген. Ал мындай кадамды АКШ менен Британия Украинанын аймагында «кандайдыр бир чагым даярдап жатат» деген кооптонуу менен түшүндүргөн.

Ишембиде президент Путин Франциянын президенти Эммануэл Макрон менен да телефондон бир жарым сааттан ашуун сүйлөштү. Француз президентинин кеңсеси Макрон Путинге «кырдаалды курчутууга жол жок экенин эскерткенин» билдирди. Бул тууралуу «Франс-Пресс» агенттиги кабарлады.

Москва Украинага кол салуу ыктымалдыгын четке кагып келет. Орусия колдогон Украинанын чыгышындагы жикчилдердин лидерлери Киев алардын позицияларына каршы чабуулга даярданышы мүмкүн деп эсептешет. Киев муну четке кагууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG