Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:44

Мурдагы министр Молдомуса Конгантиев каза болду


Молдомуса Конгантиев. Архив сүрөт.
Молдомуса Конгантиев. Архив сүрөт.

12-февралда мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев каза болду. Бул маалыматты анын жакындары "Азаттыкка" ырастады. Азырынча маркумдун сөөгү качан жана кайда жерге берилери айтыла элек.

Молдомуса Конгантиев 1958-жылы Жалал-Абад облусунун Майлуу-Сай шаарында туулган. Ички иштер органдарында 1979-жылдан тарта кызмат өтөй баштаган. Ички иштер министрлигин 2008-2010-жылдары жетектеген.

2010-жылкы Апрель окуясында кызматтан кеткен. Конгантиевге 2005-жылдын 24-март, 2010-жылдын Апрель окуялары боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери («Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу», «Шалаакылык») менен кылмыш иши ачылган. Кийин 2019-жылы сот аны актаганы белгилүү болгон. Жогорку сот экс-министрди 2020-жылы толук актаган.

2010-жылдагы өлкөдөгү коомдук-саясий окуялардан кийин саясатка аралашкан эмес.

Конгантиев юридика илимдеринин кандидаты.

2021-жылы январда жубайы Базаркүл Нурбаева каза болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG