Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:07

"Азаттыктын" журналисти Айбек Бийбосунов Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыкты алды


"Азаттыктын" журналисттери Айбек Бийбосунов менен Токтосун Шамбетов.
"Азаттыктын" журналисттери Айбек Бийбосунов менен Токтосун Шамбетов.

12-февралда "Азаттык" радиосунун иликтөөчү журналисти Айбек Бийбосуновго Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлык ыйгарылды. Анын "Жолдон жоголгон 934 миллион" аттуу иликтөөсү сынактын жыйынтыгында 3-орунга ээ болду.

Бишкек шаарынын бийлиги 1 миллиард сомго жакын акчанын эсебин таппай жатканы тууралуу журналисттик иликтөөнү "Азаттык" былтыр 1-ноябрда жарыялаган. "Жолдон жоголгон 934 миллион сом" деген иликтөөдө шаар ичинде акчасы бөлүнүп, бирок курулбай калган жолдор көп экени аныкталган.

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев 9-декабрда Жер Ынтымагы конушунун тургундары менен жолугушууда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, мэриядагы бир нече муниципалдык мекемени уурулук кылган деп айыптаган.

Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыктын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлык, атайын статуэтка жана диплом берилди.

Сыйлык тапшыруу аземине Эгизбаевдин ата-энеси, жубайы, санаалаштары, кесиптештери катышты.

Журналисттик иликтөө фондунун маалыматына караганда, быйыл сынакка 80ден ашуун материал келип түшкөн.

"Азаттыктын" иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин элесине арналган Журналисттик иликтөөлөр фонду 2018-жылы 14-сентябрда ишке киришкен.

Фонд Кыргызстандагы иликтөө журналистикасын өнүктүрүү, коомдогу коррупциялык жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү ашкере кылган демилгелерди колдоо жаатында иш жүргүзөт.​

Сыйлык жыл сайын Эгизбаевдин туулган күнү - 12-февралда тапшырылат.

"Азаттыктын" чыгаан журналисти көзү тирүү болгондо быйыл 32 жашка чыкмак.

Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө көз жумган. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, журналист сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG