Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:49

Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыктын жеңүүчүлөрү аныкталды


Сыйлык тапшыруу аземи. 12-февраль, 2022-жыл. Бишкек.
Сыйлык тапшыруу аземи. 12-февраль, 2022-жыл. Бишкек.

Бишкекте бүгүн, 12-февралда Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыктын жеңүүчүлөрү аныкталып, байгелер тапшырылды. Комиссиянын тыянагы менен "2021-жылдын мыкты журналисттик иликтөөсү" сынагынын жыйынтыгына ылайык 1-орун “МедиаХаб” коомдук фондунун иликтөөчү журналисттери Али Токтакунов, Арген Бактыбек уулу, Мээрим Айныкеева биргелешип даярдаган "Калкты карызга батырган финансы махинациялары: "Сомо", "Акчамат", "Финико" аттуу иликтөөлөргө берилди.

2-орун иликтөөчү журналист Мээрим Сырдыбаеванын “МедиаХаб” коомдук фонду менен биргелешип даярдаган "Өлүм менен өмүрдөн акча жасагандар" аттуу иликтөөсүнө тийди.

3-орун "Азаттыктын" журналисти Айбек Бийбосуновдун "Жолдон жоголгон 934 миллион" аттуу иликтөөсү үчүн берилди.

Мындан сырткары “Телевизионная Академия” коомунун астында Адил Турдукулов, Булат Сатаркулов, Александр Тропейко (“Мыйзамсыз миграция” иликтөөсү), “ПолитКлиника” онлайн-медиасынын жетекчиси Дилбар Алимовага (“Кайыңды кабел заводунун жаңы кожоюндарга берилиши: атайын кызматтардын жана депутаттын мурунку жубайынын изи”), Борбор Азиядагы Америкалык университетинин студенттери Валентина Галич, Диана Светличная, Таалайбек Талантбек уулу, Екатерина Афанасьева, Сезим Дигербаева, Жүзүмкан Асхатбекова жана окутутуучу Анастасия Валеевага "Жарака": эмне үчүн кыргызстандык окуучулар экстремалдык шарттарда билим алышууда?” деген аталыштагы журналисттик изилдөөсүнө атайын сыйлыктар тапшырылды.

Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык, атайын статуэтка жана диплом берилди.

Журналисттик иликтөө фондунун маалыматына караганда, быйыл сынакка 80ден ашуун материал келип түшкөн.

"Азаттыктын" иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин элесине арналган Журналисттик иликтөөлөр фонду 2018-жылы 14-сентябрда ишин баштаган.

Фонд Кыргызстандагы иликтөө журналистикасын өнүктүрүү, коомдогу коррупциялык жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү ашкере кылган демилгелерди колдоо жаатында иш жүргүзөт.​

Иликтөөчү журналисттерге ыйгарылчу сыйлык жыл сайын быйыл төртүнчү жолу Эгизбаевдин туулган күнү - 12-февралда тапшырылууда. Чыгаан журналисттин көзү тирүү болгондо быйыл 32 жашка чыкмак.

Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө көз жумган. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, журналист сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG