Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:21

Ош - Исфана жолу 2023-жылы пайдаланууга берилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош - Исфана жолу 2023-жылы толук пайдаланууга берилерин Жогорку Кеңештин депутаты Эмилбек Жусупов "Парламент" радиосундагы маегинде билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, эл өкүлдөрү февраль айынын башында Ош облусунун Ноокат районунда көчмө жыйын өткөрүп, Баткен - Ош - Бишкек багытын байланыштырган жолдун абалын көрүп келишти. Эл өкүлү жолдун Ноокат районуна туш келген тарабы жүргүнчүлөрдү кабатыр кылып жатканын айткан.

"Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча Жапониянын JICA эл аралык кызматташтык агенттиги менен 2015-жылдын 26-октябрында кол коюлган келишим боюнча аталган каттамдагы жол 2018-жылы башталып, 2023-жылы толук пайдаланууга бериле турганы көрсөтүлүптүр. Ортодо иштин туруп калышына дүйнөлүк пандемия кесепетин тийгизди. Эми ушул жылы токтогон иш кайра улантыларын адистер белгилешти", – деген эл өкүлү.

Жол оңдоого байланыштуу коррупциялык иштер жана жолдун сапаты боюнча маселе байма-бай көтөрүлүп келет.

1992-жылдан 2018-жылга чейин Кыргызстанга келген 10 млрд. доллардай сырткы жардамдын 26% транспортко жана жолго каралган.

Депутаттар соңку жылдары курулган жолдордун сапаты салыштырмалуу начар болуп, белгилер коюлбай жатканын белгилешүүдө. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG