Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:52

Кремл сүйлөшүүдө Макрон менен Путин эмнеге алыс отурганын түшүндүрдү


Путин менен Макрондун жолугушуусундагы үстөлгө тартылган азил сүрөт.
Путин менен Макрондун жолугушуусундагы үстөлгө тартылган азил сүрөт.

Орусия француз президенти Эммануэл Макрон Кремлдин COVID-19га тест тапшыруу эрежесине баш ийбегендиктен Владимир Путин менен сүйлөшүүдө узун үстөлгө отургузулганын билдирди.

Макрон 7-февралда орус-украин чек арасындагы чыңалууну басаңдатуу аракеттеринин алкагында Москвага барган. Лидерлердин бири-биринен алыс отурганы социалдык тармактарда мыскыл, атүгүл шылдыңдаган сүрөттөрдүн пайда болушуна жем таштаган. Көп узабай эле Путиндин казак мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев менен чакан үстөлдө отурганы бир топ суроолорду жаратты.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 11-февралда Макрон менен кездешүүдө чоң үстөлдүн коюлушун түшүндүрдү. Анын айтымында, айрым лидерлер өз өлкөсүнүн эрежелерин сакташат, кабыл алган тарап менен санитардык шарттарга келгенде кызматташуудан баш тартып коюшат. Андыктан президенттин жана коноктордун саламаттыгын коргоо үчүн 6 метрге чейин узун үстөлдүн айланасына отургузулат. Песков бул жерде эч кандай саясаттын жоктугун кошумчалады.

Буга чейин Венгриянын премьер-министри, Ирандын президенти менен жолугушууларда да коноктор коронавирус протоколуна баланыштуу Путинден алыс отурган.

Ал эми Макрондун кеңсесиндеги расмий адамдардын бири “президент сапарга чыкканда көрүлчү бардык керектүү чараларды аткарганын ” билдирди. Атын атабаган дагы бир булак маселе Орусиянын ПЧР тест тапшыруу талабына байланыштуу келип чыкканын бышыктады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG