Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:38

Башкы прокуратура: Мадумаров күбө катары эле өтүп жатат


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров протокол иши боюнча күбө катары эле өтүп жатканын кабарлады.

Бул тууралуу “Азаттыкка” мекеменин басма сөз кызматынын башчысы Сирожиддин Камолидинов билдирди.

“Азыр күбө макамында. Себеби, Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин депутаты. Адахан Мадумаровду жоопко тартуу боюнча биринчи уруксат алыш керек (Жогорку Кеңештен-ред.). Андан кийин кылмыш жоопкерчилиги квалификация болуп айыпкер катары жоопкерчиликке тартылат. Ага чейин күбө макамында болот”, - деди Камолидинов.

Адахан Мадумаров 10-февралда өзүнө карата “Чыккынчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгонун айткан жана муну саясий куугунтук катары баалаган.

Мунун алдында башкы прокурор депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартууга макулдук берүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке кайрылган. Буга байланыштуу парламентте депутаттык комиссия түзүлүп, алар маселени бир айдын ичинде карап чыкмай болду.

Саясатчы 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган кезде кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу 14-январдан тарта Башкы прокуратурада күбө катары бир нече жолу сурак берген.

Ал 2009-жылы Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Депутат документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин кайталап келет.

Президент Садыр Жапаров 17-январда “Вечерний Бишкек” басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду “чыккынчылык” деп атаган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG