Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:54

Тажикстанда ооган качкындары үчүн лагер курулат


Тажикстан, Хорогдогу ооган качкындары үчүн уюштурулган лагер. Архив сүрөт.
Тажикстан, Хорогдогу ооган качкындары үчүн уюштурулган лагер. Архив сүрөт.

Тажикстандын Хатлон облусунда оогандык качкындар үчүн атайын лагер курулат. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн бийлиги 9-февралда билдирди. Ооганстандан качып киргендер ушул лагерге жайгаштырылмакчы. Жакын арада эл аралык коомчулуктун колдоосу менен бир нече лагер курулары маалым болду. Буга чейин Тажикстанда оогандык качкындар үчүн лагер курууга жетимиш гектар жер бөлүнгөн.

Талибдер Кабулда бийликти басып алгандан бери Тажикстанга кирген качкындардын саны өскөн. Расмий маалыматка ылайык, учурда кошуна мамлекеттин аймагында 15 миңдей ооган бозгун бар.

Былтыр жайда Ооган Памиринен Тажикстанга келген 345 этностук кыргыз мал-жандыгы менен бир нече күндөн кийин Бишкектин өтүнүчүнө карабай кайра артка кайтарылган.

Буга чейин "Хьюман Райтс Вотч" укук коргоо уюму кошуна өлкөлөрдү Ооганстанда талибдердин куугунтугунан качкан оогандарды колдоого чакырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG