Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:52

Араванда “Йакын-Инкар” кыймылынын сегиз мүчөсү кармалды


“Йакын-Инкар” кыймылынын кармалган мүчөлөрү.
“Йакын-Инкар” кыймылынын кармалган мүчөлөрү.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы Араван районунда Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган “Йакын-Инкар” диний экстремисттик кыймылынын сегиз мүчөсү январь айында кармалганын билдирди.

Облустук милицинын маалыматына ылайык, алар Араван районунун тургундарына үгүт-насаат иштерин жүргүзүп жүрүшкөн. Шектүүлөр “Йакын-Инкар” кыймылынын идеологияларын жайылтканы үчүн буга чейин Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан сот жообуна тартылганы белгилүү болду.

Кармалгандардын кичүүсү 21, улуусу 53 жашта. Төртөө Араван районунун, экөө Баткен облусунун Кадамжай, калган экөө Ош облусунун Ноокат районунун тургундары.

Төрт факты боюнча кылмыш иши козголуп эки иш сотко өткөрүлгөн.

“Йакын инкар” диний агымы – “Таблиги жамаат” уюмунун ичинен бөлүнүп чыккан өзүнчө топ. Анын мүчөлөрү өздөрүн “пайгамбардын жолун жолдоочуларбыз” деп эсептешет. Бул диний агым 2017-жылы экстремисттик деп табылган.

Мындан тышкары сот тарабынан 2003-жылдан бери баш-аягы 21 диний бирикменин ишмердигине террорчул жана экстремисттик уюм катары Кыргызстандын аймагында тыюу салынган. Ага “Жабхат ан-Нусра”, “Жайшу л-Махди”, “Ансару л-Лах”, “Хизб ут-Тахрир ал-Ислами”, “Жихад тобу” жана “Чыгыш Түркстан Ислам кыймылы” сыяктуу эл аралык террордук жана экстремисттик уюмдар кирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG