Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:09

Орусиянын согуштук кемелери Кара деңизге бет алды


Орусиянын согуш кемелери парад учурунда. Иллюстрациялык сүрөт
Орусиянын согуш кемелери парад учурунда. Иллюстрациялык сүрөт

Орусия алты согуш кемеси машыгууга катышуу үчүн Жер Ортолук деңизинен Кара деңизге бет алганын билдирди. Бул маалымат Орусия Украинага кол салышы мүмкүн деген кооптонуу кучөп, чыңалуу басаңдабай жаткан чакта тарады.

8-февралда Орусиянын Коргоо министрлиги кемелер Босфор кысыгынан "пландалгандай" өткөнүн маалымдады. Түрк деңиз аскерлигиндеги булактар орус кемелери өлкөнүн аймагынан 8-9-февралда сүзүп өтөрүн билдиришти. Москва кошуна өлкөгө чабуул кое турган болсо, НАТОнун мүчөсү болгон Түркия мыйзам чегинде Босфорду орус кемелеринин транзити үчүн жаап салууга укуктуу.

Орусия күч-кубатын дүйнө алдында даңазалоо үчүн бир катар машыгууларды жүргүзүп келет.

Өткөн айда Коргоо министрлиги 10 миң жоокер, 140 согуштук кеменин катышуусунда машыгуу болорун жарыялаган.

Орусия Украинага чабул коюу планы жоктугун, өзүнүн куралдуу күчтөрүн өлкө ичинде каалагандай которуштурууга укугу бар экенин айтып келатат. Ошол эле маалда Украина менен чек арага жакын жерден аскерлерин алып кетүү үчүн Батыштан кепилдик талап кылууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG