Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:05

Макрон: Украинанын айланасындагы кырдаал курчубайт


Макрон жана Зеленский. Киев, 8-февраль 2022-жыл
Макрон жана Зеленский. Киев, 8-февраль 2022-жыл

Киевде Франциянын президенти Эммануэл Макрон менен Украин мамлекет башчысы Владимир Зеленскийдин сүйлөшүүсү жүрүп жатат. Алдыңкы күнү Макрон Москвада президент Владимир Путин менен беш сааттык сүйлөшүүдө украин-орус чек арасындагы абал талкууланган.

Француз президенти “конкреттүү коопсузлук кепилдиктерин” сунуш кылганын билдирди. Анын айтымында, орус лидери ошол багытта иш алып барууга даярдыгын, Украинадагы стабилдүүлүктү жана аймактык бүтүндүгүн сактоо каалоосун ортого салды.

Франциянын президенти орус лидеринин көз караштары айрым маселелерде Евробиримдиктин позициясынан айырмаланарын билдирди. Макрон "чыңалуу күчөбөйт, кырдаал курчубайт" дегенге жетишкенин Киевдеги аэропортто чогулган кабарчыларга маалымдады.

“Менин максатым эскалациянын алдын алуу, жаңы преспективаларды ачуу болчу. Мен ага жетиштим”, - деп айтты француз лидери.

Елисей сарайынын маалыматына караганда, Макрон тараптар аскердик аракеттерге барбайт жана стартегиялык диалог баштайт деген милдеттенме алсын деп сунуш кылды. Ошондой эле орусиялык 30 миң жоокер машыгуудан кийин Беларустан алынып кетет деген кепилдик тууралуу сөз болгону айтылды.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков президенттердин кездешүүсүнө ашыкча үмүт артпасын, де-эскалация тууралуу келишимге жетишилбегенин, бирок жолугушуу бул багытта иш алып барууга пайдубал түзгөнүн билдирди.

Батыш Москва 100 миңден көп жоокерин жана техниканы украин чегине тартуу менен кошуна өлкөгө басып кирүүнү көздөйт деп чочулайт. Кремл андай планы жоктугун айтканы менен, аскерлерин алып кетүү үчүн Батыштан кеңири коопсуздук кепилдиктерин талап кылууда. Орусия "Украина НАТОго кошулбашы керек" деген шарт койгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG